Ошто атасын өлтүрүүгө шектелген уул. Маркум жана шектүү тууралуу маалымат

Ошто өз атасын өлтүргөнгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү 1982-жылы туулган Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын тургуну кармалды. Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, шектүү 14-август күнү саат 10:00 чамасында аталган кичи райондогу үйүндө өз атасы 1955-жылы туулган жаран менен чырдаша кетип, аш бычак менен атасын бир нече жолу сайып жиберген. Алган жараттарынан улам атасы өз үйүндө каза болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү уулун кылмыштын изи сууй электе, өзүнө таандык документтерин алып, таксиге отуруп окуя жерден кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармады. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маркум Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда жашаган. 4 баланын атасы. Жергиликтүү мектепте кароолчу болуп эмгектенген. Анын уулу, кылмышка шектүү 1982-жылы туулган жаран 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт.