Ошто аял менен эркек киши диний-экстремисттик уюмдан баш тартты (видео)

Ош облусунда “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, УКМК “Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүздү. 10-августта «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында тыюу салынгандыгы, ошондой эле диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча Кыргыз жарандары соттун чечими жеткизилген.

2 жаран экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты. Бул багыттагы иш-чаралар улантылууда.