Ошто бала бакчадан чыгып кеткен 2 жаштагы бала каналга түшүп, чарчап калды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ошто бала бакчадан чыгып кеткен 2 жаштагы бала каналга агып, чарчап калды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

8-август күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кароо айыл аймагындагы бала бакчалардын биринде 2 жаштагы бала чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында, дайынсыз болуп жаткан 2022-жылы туулган бала бала бакчанын жанындагы аккан каналга түшүп кетип, каза болуп калгандыгы маалым болгон.

Окуя боюнча күбөлөр суралып, баланын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Баланын ата-энеси окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз доосу жоктугун билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.