Ошто бала бакчага киргизүүгө 15 миң сом сураган кызматкер кармалды

Ош шаарында бала бакчага кирүү үчүн акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милицияга арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда, балдар бакчанын адиси 15 миң сом акча сурап жаткандыгын билдирген. Аталган факты Ош ШИИБде катталып, Жазык кодексинин 251-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 28-август күнү бала бакчанын адиси 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм катары алынган.

Бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган жаран тергөө кызматына камсыздалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.