Ошто баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топ аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

4-сентябрда ыкчам-тергөө тобу тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 килограмм өлчөмдөгү баңгизатты сатууну көздөгөн Кыргыз жараны кармалган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК тарабынан баңгизаттар менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.