Ошто баңгизат сатууга жаштарды тартууга шектүү кармалды

Ошто синтетикалык наркотикалык заттарды таратып жана аларды пайдалануу үчүн өз үйүн көмүскө жайга айланткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан нарктотикалык синтетикалык заттарды жарнама жасап, аларды таратууга жаштарды жумушка чакырып жана өзү дагы таратып жүргөн жаран — Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын 1997-жылы туулган тургуну кармалды.

Шектүү жашаган үйгө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Шектүү өзү жашаган үйүн баңгизаттарды колдонууга жана таратууга үчүн көмүскө жай уюштурган. Бул үйдө синтетикалык наркотикалык заттарды пайдаланган айрым адамдардын өздүктөрү дагы аныкталып, кармалды. Тинтүү учурунда анын үйүнөн төрт даана атайын оролгон синтетикалык наркотикалык зат, күчтүү таасир этүүчү, рецепт менен сатыла турган “Тропикамид” дарысы, синтетикалык дарыларды колдонууга керектелүучу каражаттар, жаштарды жумушка чакырган жарнамалык баракчалар (визитка) табылган. Бул баракчалар жаштарды наркотикалык заттарды жеткирип берүү үчүн жаштарды жумушка чакырууга пайдаланылган.