Ошто бассейнде жаранга бычак сайылган. Шектүү катары 18 күндөн кийин «Коён» кармалды

Ошто бассейнде жаранга бычак сайылган. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

22-июль күнү саат 21:30 чамасында Ош шаардык ооруканасына Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну денесинен жараат алып кайрылган. Милиция кызматкерлерине жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жатып, белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкендигин, ал жаран жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, из жашырып кеткендигин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адамдын аты-жөнү аныкталып, издөө иштери башталган. Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1995-жылы туулган жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экендиги жана кылмыш чөйрөсүндө «Коён» деген каймана ат менен белгилүү экендиги аныкталды.

Шектүүнүн кылмыштуу аракети боюнча кылмыш иши козголуп, 9-август күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн, 11-август күнү анын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.