Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Куткаруучулар шаардын Увам көчөсүндө жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачып беришти. Батирдин ичинен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маркумдун аты-жөнү такталууда жана жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.