Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери мурда издөөдө жүргөн, батир уурулукка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын 1998-жылы туулган тургуну кармалган. Ал мурда 3 жолу соттолгон. Учурда шектүү тарабынан Кара-Суу районунда 1, Оша шаарына караштуу Төлөйкөн айылында 3 жана Ош шаарынын аймагында 1 уурулук жасагандыгы маалым болгон.
Ош шаарындагы батирге уурулукка кирип, жалпы суммасы 1 миллион 200 миӊ сомду түзгөн акча каражаттарын, баалуу буюмдарын уурдап кеткен. Шектүү 19-июлда кармалып, сот тарабынан тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыккан.