Ошто бир нече жолу аялдарга кол салууга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Ошто бир нече жолу аялдарга кол салууга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.

19-март күнү Ош шаарынын тургуну (аял киши) арыз менен кайрылып, өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз адам моюнунан муунтуп, колундагы сумкасын жана уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Аталган кылмыш иши боюнча кечээ, 6-апрель күнү кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1990-жылы туулган тургуну кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын Ош шаарында ушул жылдын январь айынан бери бир нече жолу катталган аялдарга кол салуу фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Шектүүдөн жабыркагандар болсо, арыз менен кайрылууну милициядан билдиришти. Шектүү катары кармалган жаран мурда жасаган кылмышы үчүн пробациялык мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. Мурда эки жолу соттолгон.