Ошто 17 жана 19 жаштагы бир тууган эже-сиңди сойкулук кылууга шектелип кармалды

Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү катары 17 жана 19 жаштардагы бир тууган эже-сиңдилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

10-январда көмүскө жай аныкталып, уюштуруучулар кармалды. Ыкчам кызматкерлерге Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө батирлердин биринде белгисиз кыздар сойкулук менен алектенгени боюнча маалымат түшүп, бул маалыматты текшерүү боюнча атайын ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Текшерүүдө бул маалыматтар тастыкталып, аталган даректе үч кыз сойкулук менен алектенип жатканы аныкталган, тиешелүү далил бумдар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, сойкулук менен алектенген кыздар аныкталды. Алар Жаңы-Ноокат айыл аймагында туулган, Ош шаарында убактылуу жашаган, 2005-жылы туулган Т-ва А. жана анын бир тууган сиңдиси 2007-жылы туулган Т-ва Т. аттуу бир туугандар болуп чыкты. Ошондой эле бул кыздар менен Кара-Кулжа айылында 1993-жылы туулган Р. кызы М. аттуу кыз дагы аталган даректе сойкулук менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, бир туугандар сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштурганы аныкталып, алар Кылмыш кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен шектүү катары кармалып, камакка алынган.

Ошондой эле, Ош шаарында жарандарга массаж жасоочу катары өзүн тааныштырып, бирок сойкулук менен алектенип жүрүшкөн Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну 2003-жылы туулган Э. кызы Л. Ош шаарынын Нурматов көчөсүнүн 1990-жылы туулган тургуну  кармалышып, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.