Ошто «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси 1 айга камакка алынды

Оштогу «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жарандын бөгөт чарасы кечээ, 18-июлда Ош шаардык сотунда каралган. Соттун чечими менен ал 15-августка чейин камакта калтырылган.

Буга чейин Ош ШИИБ маалымат таратып, «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчисине карата алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришкен.  Келтирилген зыяндын өлчөмү 18 миллион 188 миң 260 сомго бааланган.