Ошто кош бойлуу келин бычакталып, төрөтканага түштү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук төрөткананын жетекчиси курсактагы 5 айлык баланы сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирди.
Редакция окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, келиндин абалы тууралуу маалымат беришти. Ал 23-август күнү саат 23:31де төрөт үйүнө түшкөн, абалы оор болгондуктан ага тез арада операция жасалган. Бүгүнкү күндө абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу оор деп бааланып, дарыланууда. Диагнозу: курсактагы бир нече жолу бычактан алган жаракаттар.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg