Ошто чек арачыга аюу кол салган. Сержант алган жараатынан көз жумду

Ош облусунда чек арачы каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Түштүк-Бөкбашы тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарып жүргөн 1992-жылы туулган аскерге аюу кол салган. Кесепетинен аскер оор жаракат алган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан сержант каза болгон. 

«Окуя боюнча бардык тиешелүү түзүмдөр кабарланды. Окуя болгон жерде УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы, Аскердик прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү окуя болгон жерде тактоо иштерин жүргүзүүдө«,- деп айтылат маалыматта.