Ошто цехтен өрт чыгып, 3 киши күйүк алды

Оштогу өрт кырсыгынан 3 адам күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Касымбеков көчөсүндө жайгашкан битум чыгаруучу менчик цехтен чыккан.  Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Жалын саат 09:38де чектөөгө алынып, 10:02де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 16 чарчы метр кара смола күйгөн. Өрттөн 3 эркек киши денесинен күйүк алып, облустук ооруканага Тез жардам кызматы менен жеткирилди. Абалдары канааттандырарлык. Учурда өрттүн себеби такталууда.