Ошто дааратканага түшүп кеткен бала куткарылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында эки жаштагы бала ажатканага түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, баланы дааратканадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.