Ошто дарыгерлерге кол көтөргөн шектүү кармалды (видео)

Кечээ, 4-февралда социалдык тармактарда дарыгерлерди сабаган кишинин видеосу тараган. Ал арада соцтармак колдонуучулары дарыгерлерди урган киши милиция кызматкери экенин жазышкан. Окуя боюнча Ош ШИИБ маалымат берип, анын милиция кызматкери эмес экенин билдирди.

31-январда саат 23:00 чамасында Ош облустук психикалык ден соолук борборунда келгендердин бири коомдук тартипти одоно бузуп, жаңжал чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматка караганда, ал жерде анын жакыны жаткан жана аны «начар дарылап жатасыңар» деген. Ошол эле учурда ал өзүн агрессивдүү алып жүрүп, медицина кызматкерлерине колун көтөргөн.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, жарандын аты-жөнү ошол эле күнү аныкталган. Анын 1990-жылы туулган жаран экени маалым болгон. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон. 4-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жаран кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Дарыгерлердин сабалышы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.