Ошто дарыканадан дары ичкен 15 жаштагы кыз оор абалда ооруканага түштү. Милиция эмне дейт?

Ош шаарындагы «Мир и Нур» дарыканасы психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дарыларды өспүрүмгө мыйзамсыз саткан. Аны мыйзамсыз сатып алып, пайдаланган 15 жашар өспүрүм кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасагандыгы дагы аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ооруканасына 17-декабрда 2008-жылы туулган кыз оор абалда жеткирилген. Дарыгерлердин жардамы менен аны ажалдан арачалап калууга мүмкүн болгон. Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, ал кыз Ош шаарында жайгашкан “Мир и Нур” дарыканасынан 4 психотроптук дарыны рецепти жок сатып алып пайдаланган. Буга чейин дагы ошол эле дарыканадан алып, пайдаланып жүргөн.

Алынган маалыматтарды текшерүү үчүн оперативдүү иш-чара өткөрүлүп, аталган дарыкананын рецептсиз өспүрүмдөргө дагы психотроптук дарыларды сатып жаткандыгы аныкталган. Өспүрүмгө 2 түрдөгү 3 дары 900 сомго сатылган. Дарыканадагы мыйзамсыз аракеттер фото-видео жана алармандын көрсөтмөсү менен тастыкталды.

Учурда тиешелүү материалдар чогултулуп, Ош шаарындагы “Мир и Нур” дарыканасынын кызматкерлерине тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына жана Оштогу дары-дармек жана медициналык шаймандар департаментине жөнөтүлду.

«Буга чейин аталган “Мир и Нур” дарыканалар түйүнүнүн дагы бир дарыканасы ушундай психотроптук дарыларды рецептсиз сатканы аныкталган болчу», — дешти.