Ошто декабрь айынан бери дайынсыз болуп жаткан аялдын жансыз денеси каналдан табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

13-декабрь күнү 1964-жылы туулган аял киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Жогоруда аталган жарандын сөөгү Увам каналынан ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.