Ошто эгиз кыздарын аёосуз сабаган келин 6-январга чейин камакта калтырылды

Ошто эгиз кыздарын аёосуз сабаган келиндин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, ал 6-январга чейин камакта калтырылган. Ал Жалал-Абад шаарындагы № 53 мекемеде камакта болот. Соттон кошумчалашкандай, келин тарап бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылган, бирок азыр арыз канцелярияга түшө элек.

Социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тараган. Видеодон аял кишинин кичинекей балдарын уруп, тилдеп жатканын көрүүгө болот. Интернетке тараган маалыматтар боюнча видео Ошто тартылган. Маалыматтарга караганда, келин жолдошу менен ажырашып кеткен. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден маалымат беришкен.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө балдарды уруп жаткан аял Араван районунун Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө келин видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген. Кылмыш иши козголуп, келин камакка алынды», — дешкен. Бүгүн, 10-ноябрда редакция укук коргоочу Назгүл Турдубекова менен байланышканыбызда, апасы тарабынан сабалган эгиз кыздар атасында экенин айтты.