Ошто эки бир тууганды сабаганга шектелген 5 жаран кармалды

Кечээ, 17-июнь күнү интернет булактарына Ош шаарында 2 жаранды топ эркектин уруп жаткан видеосу тараган. Окуянын чоо-жайы тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымат беришти.

3-июнь күнү саат 20:00 чамасында Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө орун алган «Куб-Хаус» конок үйүнөн чыккан мас абалындагы балдар менен аталган көчөнүн эки бир туугандын ортосунда келишпестик чыгып, натыйжада конок үйүнөн чыккан жарандар бир туугандарга кол көтөрүшүп, денелерине көптөп залал келтиришкен. Бул факты бейбаштык катары катталып, шектүү катары 5 жаран кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

5-июнь күнү Ош шаардык соту шектүү жарандардын баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктаганга чейин, 2 ай абакта кармоого чечим чыгарган. Бүгүнкү күндө бул кылмышка шектүү 5 жаран Ош шаарындагы тергөө изоляторунда кармалууда. Алардын баары Ош шаарынын тургундары. Тергөө иштери уланып жатат.