«Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча эл аралык наркоканалды уюштурган Ош облусунун айрым жашоочуларынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердиги аныкталып, 3 шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«5-февралда жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ж.Х.Х. жана К.И.А. аттуу жарандар кармалган. Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда 9 килограмм 793 грамм салмактагы 10 брикет «Афган Чарс» баңги заты жана 1 килограмм белгисиз синтетикалык заттын 1 брикети табылган. К.И.А.нын үйүндө салмагы 133,99 граммды түзгөн «Афган Чарс» баңги затынын 1 брикети табылган», — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда аталган белгисиз заттын баңгизат экенин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрүнө карата 282-беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.