Ошто интернетке тараган видеодон кийин бала бакчанын жетекчиси кармалды

Ош шаарында балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте Ош шаарында жайгашкан “Би-Би” аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгу текшерилип жаткан. Мындай текшерүүгө айрым интернет булактарында аталган балдар бакчасынын жаш тарбиялануучуларына Кыргыз Республикасынын балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына туура келбеген, атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келип, талаптарга жооп бербеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жаткандыктары тууралуу видеороликтер себеп болгон.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 19-январь күнү аталган бакчанын жетекчиси 1970-жылы туулган жаран өз кызыкчылыгын коргоп, жогоруда аталган фактылар боюнча текшерүү иштерин токтотууну көздөп, ал үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаган. Балдар бакчасынын жетекчиси ыкчам кызматкерге 20 миң сом өлчөмүндөгу пара берип жаткан учурда Ош ШИИБдин жана УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Азыркы учурда аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 354-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.