Ошто издөөдө жүргөн 3 милиция кызматкери кармалды

Мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБдин кызматкерлери — милициянын 2 капитаны жана милициянын майору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ош облусунун тургунунан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган ыкчам кызматкер кармалды. Ош ШИИБдин кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алышкан.

26-сентябрда көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен өнөктөшү жана Ош ШИИБдин ыкчам кызматкери, милициянын майору кармалган. Жыйынтыгында ал тергөө абагына киргизилип, калгандарына издөө жарыяланган. 3-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда издөөдө жүргөн кызматкерлер кармалып, камакка алынды.