Социалдык тармактын колдонуучулары видео менен бөлүшүп, Ошто жанаша жайгашкан эки кафенин чатыры өрттөнүп жатканын билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Гапар Айтиев менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Кырсык боюнча азырынча ӨКМ маалымат бере элек.