Ошто жанаша жайгашкан үйлөрдөн өрт чыкты (сүрөт)

Ошто өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы Латыпжанов көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 15:19да ӨКМден жалпы 8 өрт өчүрүүчү бөлүм, штаб, ыкчам топ, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Өрт саат 15:57де чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө.