Ошто жаран 4 күн мыйзамсыз камакта жаткан. Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Конституциянын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.