Ошто жаран аялы, карындашы менен чогуу сабалган. Шектүү катары бир туугандар кармалды

Ош шаарында 1994 жана 1995-жылы туулган бир туугандар кармалып, бүгүн, 23-ноябрда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү катары киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 9-ноябрь күнү милицияга Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз тараптар мушташып жаткандыгы боюнча кабар түшкөн. Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу бул факты боюнча Ош шаарынын 1994 жана 1995-жылы туулган бир туугандарды кармаган. Шектүү катары кармалгандардын бири, 1994-жылы туулган жаран өз үйүндө аялына кол көтөрүп, ызы-чуу чыгарган. Аялы өзүнүн 1993-жылы туулган бир тууган агасын жардамга чакырган. Бирок шектүү аялынын агасын, анын аялын жана өз карындашына бир тууган иниси менен бирге кол көтөрүшүп, денелерине залал келтирген.

Алгач бул факты боюнча бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Бирок кечээ, 22-ноябрда чыккан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн кайын агасынын жарааты оор деп табылып, бейбаштык беренесинен денеге оор залал келтирүү беренесине өзгөртүлгөн. Тергөө уланууда.