Ошто жарандарды Өзбекстанга сойлотуп өткөрүп жүргөн шектүүлөр кармалды (видео)

Адамдарды жана товарларды чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

5-апрель күнү милиция кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 1984-жылы туулган Өзбек жараны “Достук” чек ара өткөрмө пунктуна жакын жерден Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп, өтүп жүргөн жеринен кармалган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз бузуп өтүү) кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзбекстандын аймагына жарандарды жашыруун труба аркылуу өткөрүп жүргөн жарандар бар экендиги маалым болгон.

12-апрель күнү түн ичинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында Ноокен районунун 1985-жылы туулган тургуну аткарган кызматы үчүн акча каражаттарын алып, Өзбек жарандарын кайтарууда турган мамлекеттик чек арадан труба аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалып, камакка алынды. Кармалган учурда шектүүнүн жанынан атайын белги коюлган акча каражаттары, түн ичинде көрүүчү дүрбү далил буюм катары алынды.

Андан ары тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жер төлөөсүнөн аткезчилик жол менен келген болжолдуу баасы 30 миң долларды түзгөн 87 кутуда 41 дары-дармектин түрү (психотроптук дарылар да бар) табылды. Табылган дары-дармектерге тийиштүү экспертизалар дайындалды.