Ошто жаранды көтөрүп чапкан жигит кармалды. Жабырлануучу реанимацияда

Кечээ, 3-май күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанында курулуш компаниялардын биринин өкүлү болгон 2000-жылы туулган жаран менен ошол көчөнүн жашоочусу менен пикир келишпестик жаралып, анын кесепетинен жигит тарабынан күч колдонулуп жаранды көтөрүп чапкан. Окуя Ош ШИИБинде катталып, бейбаштык беренеси менен иш козголгон.

Жаран денесинен оор жарат алып, Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Жабырлануучунун жаратын аныктаган соттук-медициналык экспертизадан соң, анын жыйынтыгы менен тергөө тарабынан кошумча беренелер коюлат. Окуя боюнча шектүү убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, жабырлануучу «Ынтымак» телеканалынын алып баруучусу.