Ошто жаш кыз 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган (видео)

Ошто милиция кызматкерлери бешинчи кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Окуя кечээ 9-августта катталган. Милицияга 5-кабаттан секирүүгө аракет кылып жаткан кыз тууралуу маалымат келип түшкөн. 

«Окуя болгон жерге патрулдук милиция барган, кыз терезенин четинде отурган. Милиционерлер эшикти талкалап, аны куткарышкан. Кыздын мындай аракетинин себептери белгисиз, ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилген»,- деп айтылат маалыматта.