Ошто жаш кызга эки адам 69 миң доллар алдатышкан. Шектүү камакка алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан ири суммадагы акчаларды алып, кайтарбай жашынып жүргөн Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өзүн Ош шаарындагы «Алтын-Темир» жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары (текшерүүдө мындай коом таптакыр жок болуп чыккан) тааныштырып, жарандардан ири суммадагы акча каражаттарын (доллар менен) алып, ири суммадагы кошумча акча ай сайын акча кайтарып берүүнү убадалап, кайтарбай, из жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүндө бул жаранга карата 2 арыз келип түштү. Арыздануучулардын биринен 30 миӊ, экинчисинен 39 миӊ доллар алып из жашырган. Андан сырткары, жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен көп суммада акча алгандыгы аныкталган. Бирок жакындары арыз жазуудан баш тартышты.

Жазылган арыздар боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга 28-августта киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан 28-сентябрга чейин абакта кармоо боюнча бөгөт чара тандаган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү алынган акчаларды «Кыргыз-Каганат» аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгондугун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адамга акча которбогондугу аныкталды. Демек шектүү тергөө кызматына жалган көрсөтмө берген. Бүгүнкү күндө жалган билдирүү жасагандыгы үчүн Жазык кодексинин 344-беренесинин белгилери менен кошумча иликтөө жүргүзүлөт.