Ошто жеке ишкерден 28 миң доллар акча талап кылган 2 жаран кармалды. Сүрөт

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырган, 1970-жылы туулган А.А. жана 1986-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Б.М. жергиликтүү Т.А. аттуу жеке ишкерден 28000 доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. «Акчаны бербесең, мүлктөрүңдү тартып алабыз» деп коркутушкан.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 203-беренесине ылайык (акча талап кылуу) кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр Ош шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.