Ошто «Женго» каймана аттуу кримтөбөлдүн айдоочу-жан сакчысы кармалды (видео)

Ошто кримтөбөл «Женгонун» жан сакчы-айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июлда Ош шаарында бейбаштыкка шектелип, 1995-жылы туулган жигит кармалган. 

Белгиленгендей, ал мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин оперативдик реестринде турган, «Женго» лакап аты менен Ош шаарында жана Ош облусунда таанылган кримтөбөлдүн айдоочу-жан сакчысы.

10-июлда жансакчы-айдоочу шаардагы кафелердин биринин жанындагы адамдар тобу менен биргеликте, бычак менен коркутуп, Куршаб айылынын тургунун сабап, андан кийин ал 1600 доллар жана 48 миң сом салынган капчыгын алып кеткен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары кылмышка шектүү катары дагы бир 26 жаштагы жигит кармалган.