Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 30-декабрь күнү саат 10:30да Кыргыз Республикасынын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында, Чоң-Алай районунун Тунук айылында, Баткен облусунун Баткен районунун Кан айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.