Алайда түнү жер титиреди. Жабыркагандар жана кыйроолор жок

Кечээ, 13-февралда саат 23:41 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3 баллга, Иркештам, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.