Ошто жерди басып алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

6-август күнү Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылып, анда 4-август күнү саат 13:00 чамасында Коңурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылганын билдирген. Ошондой эле, 27-апрель күнү Коңурат айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анда өзүнүн ошол эле айылындагы 6 сотых жерине Куттубек аттуу атуул «менин чегим» деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, күч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Натыйжада, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып Тергөө кызматына жеткирилип, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.