Ошто жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгү түшүп кетип, ал унааны басып калды

Ошто жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгү түшүп кетип, ал унааны басып калганы тартылган видео соцтармактарга тарады. Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгону айтылууда.

Кара-Суу районунун жолунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үстүнөн өткөн суу түтүккө тийип, ал түшүп кеткен факты боюнча окуя болгон жерде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу тергөөгө чейинки ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Ош облустук милициясынан кийин толук маалымат берилерин билдиришти.