Кечээ, 23-февралда Ошто бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү иске ууланып, көз жумганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 22-февралда саат 21:00 чамасында Ноокат РИИБге Көк-Бел айылынын 3 тургуну үйүндө көмүр газына ууланып, каза болушкандыгын билдиришкен. Катталган маалымат боюнча текшерүү иштери башталган. Анда айылдын тургундары болгон 63 жаштагы эркек киши, анын 62 жаштагы жубайы, алардын 9 жаштагы небереси турак үйүнүн жер төлөсүндөгү от жагуучу бөлмөсүндө жаткан жеринде 21-февралга караган түнү көмүр газына ууланып каза болуп калышкандыгы аныкталган.
Маркумдардын жансыз денелерине Ноокат райондук соттук-медициналык эксперттик бюросунун экспертинин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлүп, денелеринде эч кандай жаракат жок экендиги аныкталган. Андан сырткары маркумдардын жакын туугандары жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, маркумдардын өлүмү боюнча эч кандай арыз доосу жок экендигин билдиришти.