Ошто жума намаз учурунда уурулук кылып жүргөн делген жигит кармалды

Ош шаарында мечиттерден уурулук жасаган делип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

«Бул жигит акыркы 4-5 ай аралыгында Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерден уурулук жасап, анын сырткы келбети милицияга белгилүү болуп, издөөдө жүргөн. Учурда анын үстүнөн 11 арыз катталган. Өзүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, ал уурулук иштерин ар аптанын жума күндөрү, жума намазы учурунда мечиттерден жасаган. Кире беришке койгон бирөөлөргө таандык баштыктарды өз буюмундай алып чыгып кетип турган. Керексиз буюмдарды Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберип турган. Айрым далил буюмдар жанынан чыккан», — деп айтылат маалыматта.

15-май күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү 2 айга камакта калтыруу чечими чыкты. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.