Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ошто жанаша жайгашкан эки кафенин чатыры өрттөнүп жаткандыгы тууралуу жазып чыгышкан. ӨКМ маалымат таратып, өрт чектөөгө алынганын билдиришти.
ӨКМге Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Дамак» тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:50дө Ош шаардык №12 Өрткө каршы бөлүмүнөн жалпы 4 бөлүм, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Көчмө башкаруу пунктунун ыкчам тобу тартылган. Өрт саат 12:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү жүрүп жатат.