Ошто каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Оштогу каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жансыз дене Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын Көкүм-Бий көчөсүндөгү каналдан табылган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, белгисиз жарандын жансыз денесин чыгарышкан. Маркумдун учурда аты-жөнү такталууда.