Ошто каналга чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Кечээ, 23-июлда ӨКМ маалымат таратып, 22-июль күнү Эркин айылында 2016-жылы туулган бала Савай каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат берип, аны издөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришкен.

Баланын сөөгү 23-июлда саат 20:23тө куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.