Ошто каналга түшүп кеткен 1,5 жашар кыздын жансыз денеси табылды (сүрөт)

26-сентябрда Тойчу айылында 1997-жылы туулган келин кичинекей кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен. ӨКМдин берген маалыматына караганда, жергиликтүү тургундар тарабынан келин жана анын 3 жаштагы кызын суудан аман-эсен чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок 1,5 жашар кызын таппай калышкан. Кечээ, 27-сентябрь күнү издөө иштери жүрүп, натыйжасы болгон эмес.
Бүгүн, 28-сентябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылып, саат 10:50дө куткаруучулар тарабынан, кыздын жансыз денеси табылды. Жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришти.