Ошто каналга түшүп кеткен адам изделүүдө

Алдын ала маалымат боюнча Ош шаарынын К.Исаков көчөсүндөгү каналга белгисиз адамдын түшүп (аты-жөнү такталууда) кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында 10, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылды.