Ошто канализация казып жатып, топурак астында калган жаран куткарылды

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Ош шаарында Амир Темур кичи районунда канализация өтүүчү жерди казып жатканда 2006-жылы туулган А.Н. аттуу (эркек киши) топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жабыркаган жаранга аба баллонун кийгизип, топурак астынан атайы шаймандардын жардамы менен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Дарыгерлердин айтымында, абалы орто.