Ошто каракчыдан коркпой, аны менен кайым айтышкан кыздын видеосу тарады

Ош шаарында дарыканалардын биринде каракчылык кылган деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 13-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы дарыканага каракчылыкка кирип, сатуучуну белгисиз тапанча менен коркутуп, 90 миң сомду алып кеткен. Анын Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды.