Ошто каракталган 3,6 миллион сом. Кармалган шектүүлөр тууралуу маалымат

Акча алмаштыруучу жайга каракчылык менен кол салган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

25-апрелде таңкы саат 08:10 чамасында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда каракчылык фактысы катталган. Медициналык беткап кийген үч белгисиз адам акча алмаштыруучу жайга кирип, акча алмаштыруучу жайдын 59 жаштагы кызматкеринин денесине залал келтирип, курал менен коркутушуп, 3 миллион 600 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын алышкан. Андан соң, кол салгандар аларды күтүп турган ак түстөгү Деу-Нубира үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырып кетишкен.

Жабырлануучу ар кандай оордуктагы жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Ошондой эле, 27-январда саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында Мерседес-Вито үлгүсүндөгү унаада бара жаткан кара беткапчан жана камуфляж кийимчен белгисиз адамдар автоматтан жана тапанчадан үйдүн короосунда токтоп турган Тойота-Ландкрузер 200 үлгүсүндөгү унаа тарапка ок атышкан.

Кол салгандар акчаны ээлеп алууга аракет кылышкан, бирок алар көздөгөн жыйынтыкка жетпей калгандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн унаасы менен белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыштарга бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бар экени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарынын жана УКМКнын кызматкерлери тартылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында куралдуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталып кармалды.

Төмөнкү адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган:

Кармалгандардын арасында эл аралык террористтик уюмдун бир нече мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор да бар. Кармоо учурунда кармалгандардан белгисиз үлгүдөгү автомат, травматикалык тапанча, ошондой эле так салмагы такталып жаткан «гашиш» баңгизаты алынды. Ошондой эле, колго жасалган бычактар, кастет, ок даары жазочуу жабдыктар, жардыруучу зат – граната табылып алынып, аларга экспертиза дайындалган. Иликтөө иштери уланууда.