Ошто кармалган жүк ташуучу унаадан 440 килограмм героин табылды (видео)

УКМК тарабынан узак жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып алып өтүп жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу
УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-майда ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү учурунда, Ош облусунун атайын жашыруун жерге бекитилген жери аныкталган оор жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы салмагы 440 килограммдан ашык героин табылып алынган. Кармалган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген Кыргызстандын эки жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.