Ошто «Касап» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

«Касап» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

6-октябрь күнү Ош облусунун 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 4-октябрь күнү саат 03:00 чамасында Ош шаарынын «Лофт» кафесинде отурган жеринен ага бейтааныш болгон жаран эч себепсиз бычак такап, сабап кетишкендигин билдирген. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган.

Жогорудагы кылмышты жасаган жарандын аты-жөнүн тактоо максатында зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүгүзүлүп, жыйынтыгында жабырлануучуну уруп, денесине жараат келтирген атуул криминалдык чөйрөдө “Касап” деген каймана ат менен таанылган Кара-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган жаран экендиги такталган. Анын жүргөн жерин тактап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бирок шектүү тергөөдөн изин жашырып, белгисиз жакта жашырынып жүргөн.

«8-октябрь күнү Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 280-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш иштин алкагында аталган кылмышка шектүү катары криминалдык чөйрөдө “Касап” деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун 1995-жылы туулган тургуну Ош шаарынын аймагындагы түнкү эс алуу клубдарынын биринде эс алып жаткан учурда кармалды. Шектүүгө кароо жүргүзгөн учурунда кылмышка далил буюм катары жанынан бычак жана жасалма 100 доллар алынган», — деп айтылат маалыматта.